20:42
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстандык 3 спортчу бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү аталды

Кыргызстандык 3 спортчу бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү аталышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган спорттун түрү боюнча федерациянын президенти Валерий Фуфачев билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чара Казань шаарында болду. Ага 37 өлкөнүн спортчулары катышты.

Кыргызстандын курама командасынын атынан 12 балбан ат салышты. Алар 3 алтын, 5 коло медаль утуп алышты. Бектуркан Кожомуратов, Тажыгул уулу Байышбек жана Нурбек Кожобеков алтын медалды багындырып, башкалардан айырмаланышты.

Медалдык эсепте кыргызстандыктар 3-орунду ээлешти. 

Эң көп окулган жаңылыктар