08:30
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Депутат: Премьер-министр экономика министрин кызматтан кетириши керек

Жогорку Кеңеште премьер-министр экономика министри Олег Панкратовду кызматтан кетириши керек деп эсептешет. Бул тууралуу экономика жана фискалдык саясат боюнча парламенттик отурумда депутат Гүлшат Асылбаева айтып чыкты.

Айтымында, салык процедураларын фискализациялоо -коңшу өлкөлөргө жакшы киреше алып келип, ишкерликти көлөкөдөн алып чыкты. Ал эми бул ыкма Кыргызстанда дагы деле ишке кирге элек. Жарым жылдан ашуун убакыттан бери Салык кызматы менен Экономика министрлиги аталган долбоорду кантип ишке ашыруу керектигин сүйлөшө албай келишет. Дайыма жумушча топ түзүлгөнү менен эч нерсе чечилген эмес.

«Олег Панкратов жумушчу топту фискализация маселеси боюнча билимибиз жетишпейт деп таркатып жиберген. Бирок таза иштеген ишкерлер үчүн мыйзамдар иштебесин деп Экономика министрлиги колунан келген баардык нерсесин кылды деп эсептеймин. Мунун баарына Олег Панкратов күнөөлүү деп ойлойм. Жаңы система ишке кирген жок, эски схема иштеп жатат», -деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар