20:56
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Мирлан Асеков грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону болду

Мирлан Асеков IGF версиясы менен грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу маалыматты социалдык түйүндөрдө спортчунун устаты Эмил Токтогонов таратты.

Маалыматка ылайык, «Монгол» каймана аты менен беттешке чыккан кыргызстандык спортчу жарым финалда Орусиялык спортчу менен беттешкен. Андан кийин латвиялык атаандашын утуп жеңишти багындырды.

Мелдеш Вильнюс шаарында 26-октябрдан 28-октябрга чейин өттү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума