19:34
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Шашылыш билдирүү: Туруксуз аба ырайы күтүлөт

31-октябрда жана 1-2-ноябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында 31-октябрда жаан жаап, 1-2 ноябрда жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 17-22 метрге жетет.

1-2-ноябрларда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 1-3-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн −3...-8° суук, күндүз −3° суук...+2° жылуу тегерегинде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0...-5° суук, күндүз 3...8° жылуу, Ысык-Көл ойдунунда түнкүсүн −5...-10°, күндүз 0...-5° суук, Ысык-Көл ойдунун чыгышында жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −10...-15°, күндүз −1...-6° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн −12...-17°, күндүз −2...-7° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −25...-30°, күндүз −5...-10° суук болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума