Жалал-Абад ОИИБнын Криминалдык милиция кызматы бир эле учурда баңгизатка байланыштуу 2 фактынын бетин ачышты. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жалпысынан жарым килограммдан ашуун баңгизат алынды.
Жалал-Абаддагы «Бай Эл» базарынын жанынан Сузак районунун 22 жаштагы тургунун текшерген учурда жанынан гашиш табылган. Мындан тышкары Жар-Кыштак айылындагы үйлөрдүн биринен 26 жаштагы үй ээси Лутфилло кагазга оролгон гашишти милиция кызматкерлерине тапшырган. Анын үйүн тинтүү маалында гашиш жана марихуана табылып, соттук-химиялык экспертизага берилди.