05:56
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкектеги автобустарга видеокамералар орнотулат

Бишкектеги автобустарга видеорегистраторлор орнотулат. Бул тууралуу мэриянын отурумунда «Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу унаа ишканалары» мекемесинин директору Бакыт Темикеев билдирди.

Маалыматка караганда, жабдыктар пилоттук долбоор катарында 50 автобуска орнотулду.

Мэр Азиз Суракматов билдиргендей, видеокамераларды маршруткаларга да орнотуу керек. Айтымында, мындай сунушту шаардыктар киргизишүүдө.

«Унааларда уурулар топ болуп жүрүшөт. Салондун ичин жана жолду тарта турган камераларды орнотуш керек. Алардын баасы 1 миң, 1 жарым миң сомдун тегерегинде. Маалыматтар шаардык унаа башкармалыгында сакталышы керек», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума