20:38
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чычкан капчыгайында жол кырсыгынан бир киши каза тапты

Чычкан капчыгайында жол кырсыгынан бир киши каза тапты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окуянын күбөлөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу уктап кеткен. Унаа аласалып, айдоочу жана жүргүнчү маңдайкы айнектен учуп кетишкен. Жүргүнчү ооруканага жаткырылды, ал эми айдоочу окуя болгон жерде жан берди.

Унаа Бишкектен Ошко сапар тартып бара жаткан.

Эң көп окулган жаңылыктар