22:16
USD 87.45
EUR 100.07
RUB 1.09

Сузак районунда жер көчкү Ачы-Сай сайын бөгөп калды

Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Акчалуу айылында жер көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Алардын маалыматында, бүгүн саат 11:30 чамасында түшкөн жер көчкү Ачы-Сай сайын бөгөп калды.

Турак үйлөргө коркунуч жок. Учурда сайды тазалоо иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар