20:19
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Чет элдик тыңчы ким? Бийликке сын айткандар, жарандык укук жана активдүүлүк

Жарандык коомдун өкүлдөрү бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдошту.

Мыйзам долбоору майдын аягында парламентке киргизилди. Ал кабыл алына турган болсо, бейөкмөт уюмдар гана эмес, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү дагы чектөөгө алынат.

Human Rights Watch уюму Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнөн аталган демилгени жокко чыгаруу суранат.

Июнь айында Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары (Эмил Токтошев, Эмил Жамгырчиев, Шайлообек Атазов жана Лейла Лурова) мыйзам долбооруна авторлуктан баш тартышты. Бирок ага карабай, демилге Жогорку Кеңеште колдоо табуусу мүмкүн. Негизги автор Надира Нарматова, долбоорунан баш тартпастыгын, акыр аягына чейин барарын билдирди.

Юрист Искендер Какеев 24.kg долбоордун кесепеттерин айтып берди.

— Эксперттердин айтымында, долбоор кабыл алынып калса, социалдык тармактагы ар бир колдонуучу чет элдик тыңчыга айланып калышы ыктымал. Эмне үчүн?

— Аталган мыйзам долбоор демократиялык аймакты, жарандык активдүүлүктү чектөө багытталган. Мисалы, калк жашаган жерге жакын жерде көпүрө куруу, же уу заттардын калдыктарын сактоочу жай куруу демилгесине жарандардын каршы пикир билдирүүсү.

Надира Нарматованын демилгесинде эки негизги себеп менен социалдык тармактын колдонуучулары дагы чет элдик тыңчыга айланып калат.

Биринчиси — саясый ишмердик деген сөздүн мааниси так жазылган эмес. Жарандын мамлекеттик органдардын чечим кабыл алуусуна, коомдук пикирди түзүүгө, мамлекеттик саясаттын түзүмдөрүнө таасир берүү аракетинин баарын саясый ишмердик катары түшүнүүгө болот.

Мамлекеттик чечим деген эмне? Мисалы, өкмөт альтернативдүү жол куруп, ал калк жашаган райондор аркылуу өтөөрүн жарыялайт. Демек үйлөр бузулуп, элдер көчүрүлүп, кенемте акы төлөнүшү керек. Бирок ал жерде жашаган эл нараазы. Албетте алар айыл өкмөтүнө митинге чыгышы мүмкүн. Алар өкмөттөн чечимин кайра карап чыгууну суранат. Мындай аракеттер саясый деп табылып, анын уюштуруучуларына Орусиядагыдай чет элдик тыңчы макамы ыйгарылат.

Экинчи себеп — мыйзам долбоору Орусиялык документтин толук көчүрмөсү болуп саналат. Бул боюнча БУУнун адам укуктары боюнча комитетине жана Европа сотуна көп даттануу жөнөтүлгөн. Айрым корундуларда көпчүлүк орусиялыктар жарандык көз-карашы үчүн гана чет элдик тыңчы болуп калары белгиленген.

Дагы бир көңүл буруучу жагдай: долбоор орусиялык документти көчүрмөсү болгондон кийин, биздин аткаминерлер дагы аны так Орусиядагыдай колдонушу мүмкүн.

— Эмнеге азыр тыңчылык боюнча шек күчөдү? Депутаттар менен аткаминерлердин жарандык коом менен ЖМКга мындай чабуулунун себеби эмнеде?

— Анын бир себеби Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Орусиянын Мамлекеттик Думасынын башчысы Вячеслав Володин менен апрелдин аягында жолугушуусунда белгилүү болду десек болот.

Анда Орусиянын Думасынын спикери чет элдик тыңчылар менен күрөшүүдө алардын тажрыйбасын алынуу сунушташан.

Мына ушундай улам бул долбоор кыска убакыттын ичинде демилгеленип жаткандыр.

—  Мыйзам долбоору боюнча кайрымдуулук жасап, саламаттыкты сактоо тармагында иштеп, социалдык долбоорлорду алып баргандар дагы бейөкмөт уюм катары отчет бериши керек.

— Долбоор боюнча саясый ишмердикке маданий, социалдык жана саламаттыкты сактоо тармагындагы ишмердик кирбейт. Бирок, жакшылап окуп чыксак, коллизия бар. Ал укуктук жардам көрсөтпөй, саясый акциялар менен алектенбеген уюмдарга дагы колдонууга жол ачат.

Мисалы, бир нече жарандар жөлөк пул, же пенсиянын өлчөмүн кайра карап чыгуу боюнча кол топтоо баштайт. Алар пенсиялык реформага өзгөртүү киргизип жатат. Бул дагы саясый ишмердик катары эсептелет.

—  Бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам долбоору коомчулукта катуу каршылык жараткан жок. Эмне үчүн? Баары саясаттан тажадыбы?

— Менин жеке пикиримде, ар бир аракеттин жыйынтыгы болот. Бийлик угуп, кырдаалды баалап турат. Активдүү болуп, жеткиликтүү сунуштарды айтыш керек.

Жарандык коом активдүү иштеп, аракеттенип жатат. Бирок алар аздык кылууда. Мыйзам долбоордун авторлору 30 миң уюм боюнча айтып жатышат. Алар кайда? Же алар бул долбоор боюнча билишпейби?

Искендер Какеев

Демек мыйзам долбоорун жакшылап чечмелеп, түшүндүрүп берүү зарыл. Уюмдар эми финансалык отчеттон бешөөнү эмес, онду, же элүүнү тапшырат.  Соцтармактагы өз укугуңузду коргогон ар бир комментарий үчүн чыккынчыга айланасыз. Бул боюнча айтып, кайталап, элге жеткирүү керек. Ошондо бийлик коомду угат.

Эң көп окулган жаңылыктар