24-октябрдан 1-ноябрга чейин Лос-Анжелесте IV Дүйнөлүк Азия кинофестивалы башталат. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кинофестивалда жалпысынан Азия чөлкөмүнөн 50 мамлекеттин режиссерлорунун эмгектерине таандык тасмалар көрсөтүлөт. Алардын арасында кыргызстандык режиссер Темир Бирназаров тарткан «Түнкү кырсык» тасмасы жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата тартылган тасмалар тартууланат.
Эске салсак, аталган кинофестиваль 2015-жылы кинорежиссёр, продюсер, коомдук ишмер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген.