17:05
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Прапорщик чуркоо боюнча зачет берип жатып эсинен танып жыгылды

Абадан коргонуу күчтөрүнүн прапорщиги чуркоо боюнча зачет берип жатып эсинен танып жыгылды. Бул тууралуу аталган ведомстводон маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, бөлүктүн дарыгери медициналык жардам көрсөткөн, бирок көрүлгөн чараларга карабай аскер кызматкери эсине келбей каза тапты.

Аталган факт боюнча кызматтык иликтөө башталды.

Эң көп окулган жаңылыктар