13:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ар бир кыргызстандыкка өлкөнүн мамлекеттик карызы 697,6 доллардан туура келет

Ушул жылдын январынан августка чейинки жыйынтык боюнча, кыргызстандын ар бир жаранына өлкөнүн мамлекеттик карызы 697,6 доллардан туура келет. Бир ай аралыгында бересенин жүгү 8,1 долларга азайды.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 31-августка карата мамлекеттик карыздын жалпы көлөмү 4 миллиард 395,02 миллион долларды түздү. Анын ичинен 3 миллиард 797,38 миллион доллары сырткы карыз, калганы ички карызды түзөт.

Августтун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик карыз ИДПнын 56,4 пайызын түздү.

1-августка карата Кыргызстанда 6,3 миллион киши жашайт. Орточо айлык акы 15 миң 793 сомго жетет. Мамлекеттик карыздан кутулуш үчүн ар бир кыргызстандык айлык акысынан 3,04 бөлүгүн бериши керек болот.

Эң көп окулган жаңылыктар