Москва шаарында жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алган кыргыз таксистке сот өкүмү чыгарылды. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымдайт.
Алардын маалыматында, Чыңгыз Анарбек уулу 1 жыл 6 айга коомдук жумушка кесилди. Андан тышкары анын айлыгынын 30 пайызы кармалып, 3 жылга чейин унаа айдоого тыюу салынды.
Белгилей кетсек, Чыңгыз Анарбек уулу күнөөсүн толук мойнуна алып, өкүнүчүн билдирген.
Эскерте кетсек, 16-июнда такси кызматынын айдоочусу жол четиндеги футбол күйөрмандарын унаасы менен сүзүп алган. Ал кырсыктын себебин уктабай тынымсыз иштегендигине байланыштырган.