15:51
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Чукул билдирүү. Жаан аралаш кар жаашы күтүлөт

Өлкө аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигин басма сөз кызматы билдирет. Алдыдагы үч күн күндө көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланат.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

8-10-октябрда Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 1...6°, күндүз 10...15° болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 8...13°, күндүз 13...18° градусту түзөт.

Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1...6°, күндүз 8...13° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн −1...-6° суук, күндүз 3...8° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −7...-12° суук, күндүз 0...5° жылуу болушу күтүлөт.

9-10-октябрда түнкүсүн Талас, Кемин өрөөндөрүндө жана Чүй облусунун тоо этектеринде −1...-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.

«Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштер үчүн коркунучтуу.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат», — дейт ӨКМ.

Эң көп окулган жаңылыктар