13:46
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Салижан Жигитов атындагы «Улут абийри» наамы Улан Эгизбаевге ыйгарылат

Салижан Жигитов атындагы «Улут абийри» наамы Улан Эгизбаевге ыйгарылат. Бул тууралуу «Чеч-Дөбө» кеңеши чечим кабыл алды.

Кеңештин жыйынында 2018-жылы ыйгарыла турган Салижан Жигитов атындагы «Улут абийри» наамына татыктуу талапкерди тандоо маселеси каралып, көпчүлүктүн пикири менен Улан Эгизбаев татыктуу лауреат деп тандалды.

Аталган сыйлыкты ыйгаруу аземи ушул жылдын 18-октябры күнү, саат 11-00дө Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө тапшырылып, «Улут абийри» наамы Уланбек Эгизбаевдин ата-энесине жана келинчегине тапшырылат.

Ал эми коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков атындагы «Руханий эш» наамына татыктуу талапкерлер чыкпагандыгына байланыштуу, бул сыйлыкка эч ким көрсөтүлгөн жок.

Эскерте кетчү жагдай: «Улут абийри» наамынын былтыркы жылдагы лауреаты белгилүү публицист Нарын Айып деп табылган. О.э. Ишенбай Абдуразаков атындагы «Руханий эш» наамы география илиминин доктору, белгилүү профессор Эмил Шүкүровго ыйгарылып, эки лауреатка тең статуэтка, диплом жана 100 000 (жүз миң) сомдон тапшырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби