07:36
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ырчы Каныкей: Эки баламды алдыга коюп, чыгармачылыкты экинчи планга жылдырдым

Өзгөчө үнү жана стили менен көпчүлүктүн купулуна толгон заманыбыздын мыкты ырчыларынын катарын толуктаган Каныкей жакында кырк жылкылуу болду. Жолдошу экөө буга чейин Алим аттуу уулду тарбиялап келишкен. Ырчынын апасы небересине Акмарал деген ысым ыйгарды. Наристе жытына балкып турган ырчы 24.kg агенттигине энелик бактысы тууралуу кеп кылды. 

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. ырчы Каныкей

— Адатта кичинекей балдар апасын же атасын кызганат. Уулуңуз карындашынан сиздерди кызганып жатабы? Кызгандырбаш үчүн кыргыздарда ырым-жырымдарды жасашат экен, сиз жасап көрдүңүзбү?

— Чынын айтайын бул жаатта абдан кооптонгом. Бирок, уулум кызганган жок. Мага ырым тууралуу айтышкан эле, андыктан аны аткарып уулума алгач карындашынын бутун көрсөттүм. Ал кичине болсо дагы карындашын жакшы көрүп, кызымды кучактап көтөрөм деп аракет кылат. Мен азыртадан эле «сен байкеси болосуң» деп үйрөтүп атам.

Каныкейдин жеке архивинен алынды
Фото Каныкейдин жеке архивинен алынды. ырчы Каныкей үй-бүлөсү менен

— Айрым айымдар төрөттөн кийин депрессияга кабылышат экен, сизде бул жаатта кандай? Жолдошуңуз кандай каралашып жатат?

— Мурун бир баланы карсам, азыр 2 баланы карап жетишип жатам. Шүгүр, депрессия болгон жокмун. Анткени жакындарым жанымда колдоп турушат. Апам жана жолдошум жардам берет.

Мен бала карагандан абдан ырахат алам. Түнкүсүн ыйлап калса да өзүм караганга аракеттенем, күйөөм эс алсын дейм.

Анткени ал иштейт. Кызым абдан назик, түйшүк деле жаратпайт.

— Көп балалуу болууну кыялданасызбы?

— Баланы кудай насип этет, миң мертебе ыраазымын. Колдон келсе ушул 2 баланы жакшы өстүрүп, бутуна тургузуп алсак... Көп балалуу болгонго олуттуу карабайм. Эми азыр заман башка. Мурда көңүл токтуктанбы бапырап көп балалуу болушкан. Бүгүнкү жаштар балалуу болордон мурда көп жактарын ойлоого аргасыз.

-Чыгармачылыкта кандай жаңылыктарыңыз бар?

- Мага эми чыгармачылык экинчи планга өттү. Алгач ушу балдарымды чонойтуп алгым келет.

Мен азыр жаш эне катары убактымды балдарга жумшап, артса гана чыгармачылыкка көңүл бөлөм. Балдарга бөлө турган убакытты эч нерсе менен алмаштыргым келбейт.

Колдон келишинче күйөрмандарды да күттүрбөгөнгө аракет кылып жакшы чыгарма тартуулагым келет. Аны убакыт көрсөтөт.

— Балдарыңызга арнап чыгарган ырларыңыз барбы?

— Мурда балдарга арналган ыр чыгармачылык капчыкта бар болчу. Келечекте балдар тууралуу чыгарма жараткам келет. Эптеп эмес, сапаттуу жана олуттуу чыгарма болот.

— Төрөттөн кийин деле салмак кошпоптурсуз, диета кармайсызбы?

— Кыз кезимде деле, кийин турмушка чыкканда деле арыкчырай бойдон калдым. Атайын дары ичип же диета кармабаймын. Табият эмнени берсе артка түртө албайбыз да, жаратылышым ушундай болгонуна сыймыктанам.

— Чачыңыз өзү тармалбы?

— Чачым өзү эле жаратылышынан тармал. Ортодо стилисттердин идеясы менен түздөтүп да көрдүм. Мен негизи табийгый сулуулукту жактырам.

Эң көп окулган жаңылыктар