12:17
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жалал-Абад облусунда жер силкинди

Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Сузак районунун Жаны-Жер, Жийде, Сузак, Арал, Күмүш-Азиз, Жар-Кыштак айылдарында 3 жарым баллга, Жалал-Абад шаарында жана Бекабад айылында 3 баллга, Ош шаарында жана Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында 2 жарым баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар