13:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ново-Покровка айыл өкмөт башчысына карата кылмыш иши козголду

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата райондук прокуратурасы Ново-Покровка айыл өкмөт башчысына жана башка кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка караганда, «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана жер мыйзамынын бузулушу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.
 

«Айыл өкмөт башчысы кызмат абалынан пайдаланып, жер маселелери боюнча башкы адиске жана жооптуу катчыга Сары-Жон айылынын тургунунун жер берүү тууралуу арызын карап бергиле деп тапшырган. Комиссиянын чечими менен айыл өкмөт башчысы жеке менчик жерден 5 соток жер аянтын бөлүп берген», — деп билдирди басма сөз кызматынан.

Эң көп окулган жаңылыктар