23:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте «Импульс» аталышындагы эл аралык театралдык фестиваль өтөт

Бишкекте Арсен Умуралиев атындагы шаардык драма театрында V «Импульс» аталышындагы эл аралык театралдык фестиваль өтөт. Бул тууралуу театрдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, иш-чара театрдын 25 жылдыгына жана театрдын негиздөөчүсү, актёр Арсен Умуралиевдин 85 жылдыгына карата уюштурулууда.

««Импульс» феcтивалынын негизги максаты — кыргыз театр искусствосун өнүктүрүү жана дүйнөлүк деңгээлге чыгарып, чет элдик театрлар менен кызматташып, тажрыйба топтоо болуп саналат», — деп жазылат маалыматта.

Иш-чара 9-октябрдан 13-октябрга чейин болот.

Эң көп окулган жаңылыктар