06:26
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театры 47 миллион сомго оңдолот

2019-жылдын соңуна чейин беш театр капиталдын оңдоодон өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министр Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын оңдоо иштерине 47 миллион сом бөлүнөт. Буга чейин Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармония 55 миллион сомго оңдолгон.

Чыңгыз Айтматов атындагы орус театрына 97,6 миллион, Кыргыз драма театрына 84,6 миллион сом бөлүнөт.

Аймактагы маданият жайларынан Ош драма театрынын имаратын оңдоого 16 миллион сом берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар