15:37
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кыргызстандык актерлор Казакстандагы «Самгау» фестивалына катышууда

Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры жана М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры Астанадагы VI Эл аралык театрлаштырылган «Самгау» фестивалына катышып жатат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган иш чара Астана шаарынын 20-жылдык мааракесинин алкагында уюштурулууда.

Билдирүүгө ылайык, 11-июнда Астана шаарынын «Жастар» театрында Нарын облустук театрынын жамааты «Маң» спектаклын коюшту.

Фестиваль 16-июнда жыйынтыкталат.

Эң көп окулган жаңылыктар