00:31
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Пенсиянын өлчөмү көбөйтүлөт

Кыргызстанда пенсиянын өлчөмү көбөйтүлөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жолугушуусунда маалым болду.

Премьер-министр президентке үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып пландаштырылган пенсияны жогорулатууга даярдык тууралуу маалымат берди.

Индексациядан кийин орточо пенсиянын өлчөмү 378 сомго көбөйүп, 5682 сомду түзөт. Ошол эле учурда пенсиянын өлчөмүнө жана төлөгөн камсыздандыруу акыларына жараша пенсиянын камсыздандырылган бөлүгү 7,1%дан 18 пайызга чейин көбөйөт. Башкача айтканда пенсиянын камсыздандырылган бөлүгү орточо эсеп менен 10,4% өсөт.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошону менен катар 2018-жылдын 1-октябрынан тартып стимулдаштырылган төлөмдөрдүн эсебинен үй-бүлөлүк дарыгерлердин, жалпы практикадагы дарыгерлердин, үй-бүлөлүк медициналык айымдардын жана фельдшердик-акушердик пункттардын орто медициналык кызматкерлеринин айлык акылары жогорулатылат деп маалымдады.

Медициналык кызматкерлердин айлыктарын жогорулатууга каражат республикалык бюджеттин эсебинен 2018-жылдын 1-октябрынан тартып каралды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума