12:15
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Президент Душанбеге барат

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн иш сапар менен Тажикстандын борбору Душанбе шаарына барат. 28-сентябрда ал жакта Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин саммити өтөт. Мамлекет башчылар кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүүнүн беш жылдык программасын кабыл алышат.

Мындан тышкары, алар маалыматтык технологиялар жаатындагы кызматташтык маселелерин талкуулашат. Жалпысынан 18 документ кабыл алынат. 2020-жылы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого карата даярдык тууралуу да сөз болот.

Алдын ала маалыматка караганда, Душанбеде Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу өткөрөт, негизинен экономикалык мамилелер талкууланат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби