19:09
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Каракол шаарынын мэрин шайлоо өнөктүгү 12-октябрда өтөт

Каракол шаарынын мэрин шайлоо өнөктүгү 12-октябрда өтөт. Бул тууралуу Каракол шаардык кеңешинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен шайлоо саат 09:00дөн баштап 12:00гө чейин өтөт.

«Биз 4-октябрда саат 17:00гө чейин Каракол шаарынын мэри кызматына талапкерлердин тизмесин беришибиз керек. Учурда тизме жок, ал жакында белгилүү болот», — деп айтылат шаардык кеңештин билдирүүсүндө.

Буга чейин Каракол шаарынын мэри  Данияр Арпачиев ээлеген кызматынан бошотулган болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар