03:04
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

АКШнын пайдасына тыңчылык кылышкан 2 кыргызстандык соттолду

ИИМдин 2 кызматкери Мирлан Тойчиев менен Эмилбек Карачев Биринчи Май райондук соту тарабынан күнөөлүү деп табылды. Аларга «чет өлкөлүк уюмдарга маалымат берүү» тууралуу айып тагылууда. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине ИИМ тастыктады.

Маалыматка ылайык, алар АКШнын пайдасына тыңчылык кылышкан. Соттук отурумдун жүрүшүндө, алар милициянын мурунку офицерлери, учурда дипломатиялык миссияларды коргоо жаатында иштеп жатышкан Самат Шерипбеков жана Кумарбек Чалданбаев менен бирге иш алып барышканы аныкталды. Алар аркылуу кызыктыруучу маалыматтарды берип турушкан.

Мирлан Тойчиев менен Эмилбек Карачев 4 жылга эркинен ажыратылды. Мындан тышкары Мирлан Тойчиев 50 миң сом өлчөмүндөгү айып пул төлөп берет.

Эң көп окулган жаңылыктар