Бишкектин айрым райондорунда 2 күн бою газ берүү чектелет. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын коом менен байланыш бөлүмү билдирди.
Оңдоо иштерине байланыштуу жаратылыш газы төмөнкү аймактарда берилбейт:
- 25-26-сентябрда—Курманжан Датка көчөсү, 320-368, Т.Айтматов көчөсү, 251-303;
- 26-27-сентябрда — Республика көчөсү, 25-75;
- 27-28-сентябрда —Жаш Гвардия бульварында, Баялинов көчөсү, Жамбыл, Урицкий көчөлөрүндө,
- 27-28-сентябрда — Орто-Сай айылы (Иманалиев көчөсү, 9-71).