17:08
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жогорку Кеңештин депутаттары Токон Мамытовдун 2 кызматта иштегенине нааразы

Жогорку Кеңештин депутаттары Токон Мамытовдун премьер-министрдин кеңешчиси жана Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын төрагасынын кызматында отургандыгына нааразы болушууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Бахадыр Сулайманов билдирди.

Ал өкмөттүн аппаратынын жетекчи кызматына талапкер Шамилбек Асымбековдон «премьер-министрдин кеңешчиси мамлекеттик кызматкер катары санала тургандыгын» сурады. Ошондой эле, ал өз ишмердүүлүгүн коммерциялык эмес уюмда жүргүзө ала тургандыгына кызыкты.

Аткаминер премьердин кеңешчиси- мамлекеттик кызмат экенин айтты. Бирок, коммерциялык эмес уюмдарда да ишмердүүлүгүн жүргүзө ала тургандыгын кошумчалады.

Бахадыр Сулаймановдун пикиринде, мамлекеттик кызматтагы кишинин башка кызматта иштегенге азыркы мыйзам тыюу салат.

Эң көп окулган жаңылыктар