07:46
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Супарадагы» өрт. Курулуп жаткан имарат жана 6 боз үй күйүп кетти

«Супара» этно-комплексинде болгон өрттүн кесепетинен курулуп жаткан имарат жана 6 боз үй күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка караганда, 1000 чарчы метр аянт өрттөнгөн.
 

«Кырсыкта жабыркагандар жок. Өрттү өчүрүүгө 6 бөлүм тартылды. Өрт таңкы 6:46да толугу менен өчүрүлдү. Кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда», -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар