12:12
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ак-Өргөдөгү өрттү өчүрүүгө барган ӨКМнин унаасы күйүп кетти

Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы кызматынын унаасы өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, бүгүн Ак-Өргө конушундагы жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жайга үч өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Алардын бири өрт өчүрүү учурунда күйүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар