USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Кафе, дүкөн, унаа. Бир суткада өлкөдө жети өрт кырсыгы катталды

10:30, 12 октября 2021, Бишкек - 24.kg

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында жети өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө жети өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Лев Толстой көчөсүндөгү «Старт» кафе-барынын өзүнчө бөлмөдө жайгашкан беш чарчы метр электр калканы күйгөн.

Чүйдүн Сокулук районунун Ак-Жол айылында жолдун жээгинде токтоп турган Range Rover үлгүсүндөгү автоунаанын капоту күйүп кеткен. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

Баткен облусунун Исфана шаарындагы борбор базарында дүкөндүн ичинде төрт чарчы метр газ балон күйгөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика