13:11
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Тажикстан БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинде сынга алынды

Женевада өтүп жаткан БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин 39-сессиясында Тажикстанга карата өлкөдө адам укуктарынын сакталышына байланышкан бир нече сын-пикир айтылды.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Тажикстанда өз оюн эркин айткысы келген адамдар кармалып, коркутуулар менен зомбулуктарга кабылып жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр бар экенин айтты.

Мындан тышкары ал өлкөдө сөз эркиндиги, улуттук жана диний азчылык өкүлдөрүнүн укуктарына байланышкан абал дагы начарлап жатканын кошумчалады.

Быйыл майда дүйнөдөгү кармоолор боюнча иликтөө жүргүзгөн БУУнун атайын тобу Тажикстанда Ислам кайра жаралуу партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Махмадали Хаит мыйзамсыз камалганын жана бошотулушу керектигин билдирген.

БУУ эксперттеринин 13 беттен турган баяндамасында Махмадали Хаит камалган беш айдан бери сотко күбөлөрдү чакырууга уруксат берилбей, сурак маалында ага карата катаал мамиле жасалып жаткандыгы, ошондой эле мамлекеттик ЖМКлар сот өкүмү чыга электе эле аны кылмышкер кылып коюшканы жазылган.

Тажик бийлиги эл аралык уюмдардын мындай айыптоолорун четке кагып, Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрү, адвокаттар жана журналисттер саясий көз караштары үчүн эмес, кылмыштары үчүн соттолгонун билдирип келет.

2015-жылы Ислам кайра жаралуу партиясынын саясий кеңешинин 13 мүчөсү өлкөнүн мурдагы коргоо министри Абдухалим Назарзоданын жетекчилиги менен төңкөрүш жасоо аракетине айыпталып, узак мөөнөттөргө эрктеринен ажыратылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби