Кыргызстанда жарандарды чет жерге ишке орноштуруу боюнча 75 жеке компания иштейт. Бул тууралуу маалымат жыйында миграция кызматынын маалыматтык-кеңеш борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев билдирди.
Айтымында, жыл башынан бери аталган компаниялар 7 миңден ашуун кишини ишке орноштурушту. Алардын басымдуу бөлүгү Түркияга кетишкен.
Алмаз Алыбаев билдиргендей, эмгекке орноштуруу боюнча кеңеш алуу үчүн борборго 20 миңден ашуун киши кайрылган.