16:09
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

ИИМ: Бала сатуу фактысынын артында атайын топтор болушу мүмкүн

Бишкекте бала сатууга шектүү катары кармалгандардын баарында өздөрүнүн документтери жана атайын мөөрлөрү болгон. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди.

Анын айтымында, алар документ жасап жүргөн. Азыр кылмышка шектүү үч киши камакка алынды. Козголгон кылмыш иштин артынан көп факты ачыкка чыгышы ыктымал.

«Булардын аркасында абдан көп киши катталган. Бирөө Чүй облусунда болсо, бирөө Бишкекте, бирөө Казакстанга барып-келип иштеп жүргөн. Булардын баарында өздөрүнүн документи болгон, жасап жүргөн, атайын мөөрлөрү болгон. Суранычтар менен кээ бирөөнөн акча-тыйын алгандары бар, айрымдары жакын туугандарга ортомчу болуп балдарга документтерди даярдап берген. Ошол себептүү азыр үчөө № 1 тергөө абагына камалды. Андан сырткары ушуга тиешелүү бир катар шектүү дарыгер кызматкерлер бар. Алардын үстүнөн дагы тиешелүү иштерди жүргүзүп жатабыз», — деди Бакыт Сеитов.

Бишкектеги Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун биринде иштеген гинекологдор бала сатууга шектелип 7-сентябрда кармалган. Окуя кайсы медициналык мекемеде болгону жана канча дарыгер кармалганы тууралуу милиция азырынча маалымат бере элек. 

Эң көп окулган жаңылыктар