10:07
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Кара-Суу районунун тургуну огородуна курал-жарактарды катып жүргөн

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун тургуну огородуна курал-жарактарды катып жүргөн. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ош ШИИБдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, тартип сакчылары АК-74 үлгүсүндөгү тапанча жана 2 магазин, карабин, 29 ок таап алышты.

«Мындан тышкары, 42 жаштагы тургун ок атуучу курал-жарактар салынган ящикти катып жүргөнү аныкталды. Ал убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Кылмыш иши козголду», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар