21:29
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тенгиз Сыдыковдун иши боюнча соттук отурум 25-сентябрда болот

АКШда курал-жарак сатууга шектелип жаткан кыргызстандык жаран Тенгиз Сыдыковдун иши боюнча соттук отурум 25-сентябрда болот. Бул тууралуу Александрия шаардык сотунун сайты жазып чыкты.

Маалым болгондой, шектүү Кыргызстандын АКШдагы мурунку элчиси Замира Сыдыкованын уулу. Соттук отурумду судья Томас Эллис алып барат.

Эске салсак, 28 жаштагы Тенгиз Сыдыков жана 27 жаштагы Эльдар Резванов 27-февралда курал-жарак сатуу боюнча айыпталып кармалышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар