Комузчу Руслан Жумабаев 45 жаш курагында дүйнө салды. Анын кесиптештеринин маалыматына караганда, ал кечээ, 10-сентябрда Бишкек шаарындагы ооруканада көз жумган.
Руслан Жумабаев Кыргыз улуттук консерваториясында, Бишкек мэриясынын алдындагы оркестрда жана «Ордо сахна» тобунда иштеген.
2016-жылы II Көчмөндөр оюндарынын ачылышында 1000 комузчунун башында туруп, «Маш ботой» күүсүн черткен.