16:24
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ички аскерлер Улуттук гвардиянын курамынан чыгарылат

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлыктын негизинде Ички аскерлер Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын курамынан чыгарылат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Жарлыктын негизги максаты — кабыл алуу коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик системасын жогорулатуу.

2014-жылы аскердик реформалоонун алкагында Ички аскерлер Куралдуу Күчтөрүнүн системасына кирген Улуттук гвардиянын курамына киргизилген.

Ички аскерлердин Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын курамында болуусу Кыргыз Республикасынын ички коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызматтык-күжүрмөн милдеттерди чечүүдө алардын потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн чектейт.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар