15:58
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жалал-Абадда капитан прапорщикти бычак менен жарадар кылды

Жалал-Абад облусунда Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын «Илбирс» атайын даярдыктагы отрядында капитан прапорщикти бычак менен жарадар кылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.
 
Маалыматка караганда, аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Капитан үй камагына алынды.
 

«Билдирүүгө таянсак, күнөөлүү ашкананы текшерүү үчүн келген. Аскер кызматкерлери арасында пикир келишпестиктер жаралып, капитан прапорщиктин санына бычак сайып жиберген. Кесепетинен жабырлануучу аймактык ооруканага жаткырылды», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума