23:14
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

№ 27 абактын аймагына баңгизатын киргизүүгө аракет кылган 2 киши кармалды

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы № 27 абактын аймагына тыюу салынган затты киргизүүгө аракет кылган 2 киши кармалды. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын бири абактын аймагынан кармалып, бирок экинчиси качып кеткенге үлгүргөн.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда 189,67 грамм салмактагы марихуана экени айтылган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө экинчи шектүү 1984-жылы туулган Н.К.Ж. колго түшүрүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар