12:27
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Айтыш сынагынын жеңүүчүлөрү болуп Асылбек Маратов жана Максат Аканов аталды

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын этношаарчасында маданий иш-чаралар улантылып жатат. Кечээ төкмө акындардын финалдык айтышы өтүп, жеңүүчүлөр акчалай сыйлык менен сыйланышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине уюштуруучулар билдиришти. 

Эске салсак, эл аралык айтышка Казакстан менен Кыргызстандын 16 төкмө акыны катышып, алардын ичинен финалга 8 акын чыккан.

Жыйынтыгында 16 катышуучунун ар бири ардак грамота жана 30 миң сом менен сыйланышты. Ал эми баш байгеге коюлган 200 миң сомду кыргызстандык акын Асылбек Маратов менен казакстандык акын Максат Аканов жеңип алышты. 1-орунга 150 миң сом каралып, аны Айбек Калиев (Казакстан) менен Баян Акматов илип кетти. 2-орундагы 100 миң сомду Аспанбек Маратов (Казакстан) менен Кубат Түкешов, 3-орундагы 80 миң сом байгени Биржан Байту (Казакстан) менен Азамат Болгонбаев утуп алышты.

Эң көп окулган жаңылыктар