06:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Көчмөндөр оюндары. Эл аралык «Айтыш» сынагы өтүп жатат (толукталууда)

Кырчын жайлоосунда 3-Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында эл аралык «Айтыш» сынагы өтүп жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Айтыш» коомдук фондунан билдиришти.

Маданий иш-чарага кыргызстандык жана казакстандык төкмө акындар катышууда. Учурда биринчи жуптар кыргызстандык акын Идирис Айтбаев менен казакстандык акын Кажымукан Абзалов беттешип бүттү.

Анда кыргызстандык акын «Көкбөрүгө келген казактар кечээ эмнеге чыкпай койду?» -деп суроо салып, көпчүлүктү күлдүрдү.

Айтыштын соңунда Идирис Айтбаев казак акынына комузун белекке берип, үйүнө чакырып өттү. Ак таңдай акындардын беттешүүсү аяктап, натыйжада Идирис Айтбаев 84, Кажымукан Абзалов 81 упайга ээ болушту.

Экинчи жуп казакстандык Максат Аканов менен кыргызстандык Жылдызбек Төрөканов айтышып бүттү. Азыркы тапта Аспанбек Шугатаев менен Асылбек Маратов элдин назарында.

.

Эң көп окулган жаңылыктар