05:59
USD 68.81
EUR 81.15
RUB 1.04

Мирлан Бакиров Кыргызстандагы мал союлуучу жайларды текшерүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров Кыргызстандагы мал союлуучу жайларды текшерүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.
 
Анын айтымында, Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин этти экспорттоодо атайын стандарттар киргизилген. Бирок, жергиликтүү малчылар эт азыктарын өткөрө албай убара тартышууда. 
 
 «Мунун баардыгы мал союлуучу жайлардын абалынын начардыгында. Анда малды эреже боюнча союшпайт. Санитардык шарттарга туура келбеген жерлерде эттеги мите курттар текшерүүгө алынбайт. Сатыкка чыккандан кийин гана бажыканада кармалып калып жатат», —деди Мирлан Бакиров.
 
Эң көп окулган жаңылыктар