05:06
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Токмок шаардык кеңешинин депутаты жердешин бычактаган

Токмок шаардык кеңешинин депутаты Тынай Жансейитов жердеши Талантбек Жамангуловго бычак менен кол салды. Жабырлануучуну ооруканага жаткырышты.

Талантбек Жамангуловдун 24.kg агенттигине билдиргенине караганда, окуя дем алыш күнү мал базарда болгон.  «Биз шаршембиде куран окуталык деп кой сатып алуу үчүн мал базарга келгенбиз. Ал жактан депутат мени бычак менен жарадар кылды», —деди жабырлануучу.

Дарыгерлер жабырлануучунун абалын орточо деп баалашууда.

«Ал мени эмне үчүн бычактаганын билбейм. Экөөбүз жердешпиз, буга чейин пикир келишпестиктер болуп келген. Анын үй-бүлөсү абдан таасирдүү кишилер. Шаардын мэри жана Токмок РИИБнын жетекчиси ага тууган болушат. Мындан улам, арыз жазган жокмун», —деди Талантбек Жамангулов. 

Эң көп окулган жаңылыктар