Биринчи Май райондук соту мурунку мэр Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын карады.
УКМКнын тергөөчүлөрү аны камакта калтыруу мөөнөтүн узартууну өтүнүштү. Сот тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырды. Албек Ибраимов 28-октябрга чейин камакта калтырылды.
Эске салсак, мурунку мэрге карата жемкорлук боюнча айып тагылууда.