21:19
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Коопсуз шаар» боюнча аукцион жараксыз деп таанылды

«Коопсуз шаар» боюнча аукцион жараксыз деп таанылды. Бул тууралуу маалымат жыйында маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров билдирди.

Анын айтымында, аукциондун жүрүшүндө система жеңүүчүнү аныктай алган эмес. Бүгүн тендердик комиссия аукционду жараксыз деп тааныды. Жакынкы аралыкта аукцион кайра уюштурулат.

Эске салсак, аукцион кечээ өткөрүлгөн. Бирок, техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам, порталдын системасы жеңүүчүнү көрсөтө алган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума