22:05
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Коопсуз шаар. Аукциондун жүрүшүндө техникалык мүчүлүштүктөр орун алды

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу үчүн компанияларды аныктоо боюнча аукциондун жүрүшүндө техникалык мүчүлүштүктөр болду. Бул тууралуу инновациялык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров билдирди.

Анын айтымында, аукционго катышуу үчүн 3 арыз келип түшкөн. Алардын экөө жергиликтүү компаниялар, бирөө Орусиялык компания. Соодалашуу 36 мүнөткө созулду.

Эске салсак, аукционго «Мега-Лайн» ЖЧК, «Концерн радиостроения «Вега» ААК жана «Кыргызтелеком» ААКсы катышты. Анда 50 миллиард 522 миллион 311 миң сом деп баасын болгону «Мега-Лайн» ачык айтып чыккан.

«Мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталы жеңүүчүнү көрсөткөн жок. Адистер учурда анын себебин аныкташууда», — деди Кубаныч Шатемиров.

Эске салсак, аукциондун баштапкы суммасы 2 миллиард 552 миллион 706 миң 240 сом болчу. Кыргызстандын бийлиги долбоорду ишке ашыра турган компанияга ар бир төлөнгөн айып үчүн 240 сомдон бере тургандыгын айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар