09:57
USD 87.45
EUR 102.42
RUB 1.19

Тогуз коргоол -улуттук интеллектуалдык оюнун маданий-таанып билүү иш-чарасы өтөт

Эл аралык музейлер күнүнүн алкагында 16-майда «Тогуз коргоол» улуттук интеллектуалдык оюну менен тааныштыруу максатындагы маданий-таанып билүү иш-чарасы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын коноктору кыргыз элинин маданий мурасынын ажырагыс бөлүгү болгон байыркы интеллектуалдык оюндун тарыхы, философиясы жана өзгөчөлүктөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Катышуучуларга тогуз коргоолдун келип чыгышы, өнүгүү жолу жана бүгүнкү күндөгү орду тууралуу кеңири маалымат берилет.

Программанын алкагында:

  • тогуз коргоол оюнун тааныштыруу жана көрсөтмө оюндар;
  • адистер тарабынан мастер-класстар;
  • оюндун негизги эрежелерин жана ыкмаларын үйрөтүү;
  • каалоочулар үчүн практикалык оюндар;
  • интеллектуалдык викторина жана эркин баарлашуу уюштурулат.

Иш-чара улуттук интеллектуалдык оюндарды жайылтууга, маданий мурастарды сактоого жана жаштардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган.

Уюштуруучулар бардык каалоочуларды кызыктуу жана мазмундуу интеллектуалдык иш-чарага катышып, «Тогуз коргоол» оюнунун өзгөчө дүйнөсүн ачууга чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар