00:57
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Ашхабад бийлиги азык-түлүк дүкөндөрүнө «көзөмөлдү» күчөттү

Ашхабаддын бийлиги шаардагы азык-түлүк дүкөндөрүнүн ишмердүүлүгүнө карата көзөмөлдү күчөттү. Ошол эле маалда жеке дүкөн ээлери полициячылар акча талап кылган учурлар көбөйгөнүн айтышууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазды.

«17-август кечинде полиция «Мир» кичи районундагы үйлөрдүн алдындагы унааларды алууну талап кылып жүрүштү. Бул көрүнүш эртеси дагы кайталанды, Көрсө бул аймакты калаа башчы өзү текшерип жүрүптүр. Жыйынтыгында мамлекеттик жана жеке дүкөндөрдүн алдындагы жер-жемиш салынган кутулар менен бакча өсүмдүктөрүн дагы алуу тапшырмасы берилген», — деп жазды басылма.

Ал ортодо жеке дүкөндөрдүн ээлери акыркы кездери полиция жана өрт өчүрүү кызматкерлери акча талап кылган учурлар көбөйгөнүн билдиришүүдө.

«Полициячылар жеке дүкөндөрдүн бирине келип, ээсин чакырышты. Андан соң менин көзүмчө жер-жемиштерди кире бериште түшүрүп жатканын айтып, акча талап кылышты. Эгер бербесең бир кутусун алып кетебиз деп коркутушту. Дүкөн ээси бул талапка баш ийбей койгон соң, алар колун кайрып, полиция бөлүмүнө алып кетип кала жаздашты», — деп билдирген 16-августта Азаттыктын кабарчысы.

Анын айтымында, жыйынтыгында полициячылар ал дүкөндөн бир нече дарбыз, коон жана бир куту помидор алып кетишкен.

Мындай текшерүүлөр өлкөдө азык-түлүк кымбаттап, мамлекеттик дүкөндөрдө кезек күткөндөр көбөйгөн учурда болууда.

Эң көп окулган жаңылыктар