20:32
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Камчыбек Ташиев Баткен аркылуу негизги азык-түлүк ташылып кетип жатканын айтты

Баткен аркылуу коңшу өлкөлөр Кыргызстандан аткезчилик жолу менен негизги тамак-аш азыктарын ташып кетүүгө аракет кылып жатышканын 24-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Өкмөттүн антикризистик планы талкууланган жыйында Ташиев коңшу өлкөдө ун менен кумшекер 1,5 эсе кымбат, ал эми өсүмдүк майы жок калганын белгилеп, Бажы кызматынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн аткезчиликке каршы иши өтө начар болуп жатканын айтты жана тийиштүү мекемелердин жетекчилери жеке жоопкерчиликте экенин эскертти:

«Бажы кызматы, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Салык кызматы биргелешип Баткендеги чек араны карагыла. Бардык азык-түлүктү азыр насос менен сордургансып чыгарып кетип жатышат. Чек арага чеп болуп туруп, бир да килограмм май, ун, кумшекер өткөрбөгүлө. Бул негизги максат», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума