02:03
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Азык-түлүктүн баасын негизсиз көтөргөн соодагерлерге кылмыш иши козголду

Бишкек шаарында абалдан пайдаланып азык-түлүктөрдүн баасын негизсиз көтөрүп саткан соодагерлерге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы 2-3 күн ичиндеги болуп өткөн окуяларга байланыштуу өлкөдөгү айрым базарларда, дүкөндөрдө товарлардын баасын негизсиз көтөрүшүп, абалдан пайдаланып мыйзамсыз акча иштеп алууга аракет кылышкан.

Бул маселени жөнгө салуу үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан атайын топтор түзүлүп, массалык түрдө сатылып жаткан базар, дүкөндөргө барып баасын көзөмөлдөп, күнү-түнү иш алып барышат.

Акыркы бир күн ичинде 216-берене (монополиялык аракет жана атаандаштыктын чектүүлүгү) боюнча бааны негизсиз көтөрүп саткан бир нече сатуучуга кылмыш иши козголду. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Эске сала кетсек, акыркы 2-3 күндүн ичинде айрым базар, дүкөндөрдө 1 кап ундун баасы 2 миң сомго чейин көтөрүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар